Кымбатчылыкка каршы кандай чара көрүлөт?

10-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 39

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик азыркы кырдаалга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарлардын, анын ичинен азык-түлүктүн кымбатташы боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия жана коомчулук менен өз ара кызматташуу башкармалыгынын башкы адиси Карлыгач Айдарова билдирди.

Анын айтымында, азыр баанын өсүшү боюнча превентивдик чаралар көрүлүүдө. Социалдык жактан маанилүү товарларга карата жума сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат.

“Бүгүнкү күнгө байланыштуу да күнүмдүк мониторинг жүрүүдө. Товар өндүрүүчүлөр, камсыздоочулар, ташып келүүчүлөр, ири соода түйүндөрү жана сатуучулар менен бааларды кармап туруу, аларды негизсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн жумушчу жолугушуулар уюштурулат. Ошол жерден түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт, эскертүүлөр да берилет. Бүгүнкү күндө территориалдык бөлүмдөр тарабынан мониторинг жүрүүдө. Кечинде баалар боюнча маалыматтарды чогултуп, эртең менен бөлүшөбүз»,  -дейт Карлыгач Айдарова.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X