Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандык көк- бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, чечүүчү 3-таймда, Казакстан курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок. Жыйынтыгында, Кыргызстандын курама командасы 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.
Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатылып алынган атын, Түркияда жашаган Вандык кыргыздарга тапшырышты.