"Эркин-Тоо"

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолууда

Бүгүн, 15-сентябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек-автожол» (Кыргызстан) жана «Карасуу-автожол» (Казакстан) өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 16:00гө карата «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайынын маңдайында Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 унаа, ал эми казак тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 унаа кезек күтүүдө.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүгө байланыштуу болууда, айрыкча, айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот.

Белгилей кетсек, кыргыз тараптан дагы, казак тараптан дагы эч кандай чектөөлөр жок. Эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!