Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен
өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат. Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X