Кыргыз музыкасынын дагы бир залкары Бабаравшан Тургунбаев дүйнөдөн кайтты
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, белгилүү композитор, обончу жана аткаруучу Бабаравшан Тургунбаев дүйнөдөн кайтты.
Бабаравшан Тургунбаев 1953-жылдын 17-майында Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Ал өмүрүн кыргыз музыка өнөрүнө арнап, улуттук маданияттын өнүгүшүнө салым кошкон.
Композитордун чыгармачылык жолу 1970-жылдары башталган. Ал 1974-жылы акын Абдырасул Токтомушевдин сөзүнө «Махабат» аттуу алгачкы чыгармаларынын бирин жазган.
Анын «Туулган жерге» («Туулган жерим асыл турагым»), «Унутпаймын», «Неге түшкө киресиң?» жана башка ырлары угармандарга кеңири таанылып, көп жылдардан бери аткарылып келет.
Айрыкча «Туулган жерге» чыгармасы композитордун чыгармачылыгындагы өзгөчө белгилүү эмгектеринин бири болуп калды.
Бабаравшан Тургунбаев өмүрүнүн акыркы жылдарын Ош шаарында өткөрүп, филармонияда эмгектенген.