Кыргыз Райдерс туристтик компаниясынын жетекчиси Бакыт уулу Амантур: «Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын туристтик потенциалын арттырды»
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга туристтердитартууга чоң салым кошконун, алдыңкы жылдары өлкөбүзгө агылгантуристтердин саны көбөйө тургандыгын туризмди өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов билдирди. Дал ушул туризм тармагынын күңгөй-тескей, оош-кыйыш жагдайларын ичтен билген, бул тармактан ийгилик жаратып келген жеке туристтик компаниянын жетекчиси Амантур Бакыт уулу менен ушул теманын тегерегинде азын-оолак баарлаштык.
— Амантур мырза, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга туристтерди тартууга чоң салым кошконун, мындан ары өлкөбүзгө келчү туристтердин агымынын көбөйүшү күтүлүп жатканын бул жаатты ичтен билген адистер баш болуп бир ооздон баса белгилешүүдө. Алардын мындай пикирлери ынанымдуу деп ойлойсузбу?
— Бүгүн аалам барган сайын өзгөрүп, өнүгүүдө. Дүйнөдө жаратылышы али белгисиз, туристтер аз барган, атыжыты анчейин чыкпаган өлкөлөр туристтерди кызыктарган мамлекеттердин алдына чыга баштады. Ошолордун арасында Кыргызстан бүгүн алдыңкы орундарга чыкты. Мунун өзү биз үчүн утуш. Бүгүн дүйнөлүк басылмалар Кыргызстанды саякаттоо үчүн алдыңкы 10 өлкөнүн арасына баймабай кошуп келатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги аброюн арттырып, Кыргызстандын туристтик абалын өнүктүргөнгө өтө чоң салым кошту. Мен муну бул тармакты ичтен билген, туристтер менен аралашып жүргөн адис катары так айта алам. Мунун айныгыс, эң эле жөнөкөй мисалы, “кийинки 2027-жылга Кыргызстанга сөзсүз келебиз” — деген туристтердин саны былтыркы жылдан бир топ эле көп экендигинде. Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай, алыстан келген коноктордун саны көп болгону үчүн аларды тейлөө сапатын түшүрүп жибербей, жогорку сапаттагы тейлөө менен камсыздап турушубуз керек. Кыргыздын образдуу сөзү менен айтканда санына гана эмес, сапатка дагы көңүл буруу зарыл деп эсептейм.
— Дегеле алыс-жакындан келчү туристерге бир беткей эле мамлекет гана эмес, жеке сектор дагы кам көрүүгө, сырттан келген меймандарды кабыл алуу үчүн бардык зарыл чараларды көргөнгө баарыбыз бирдей жоопкерчилик алганда гана бул тармакта жымың эткен жылыштар болот беле?
— Туура суроо. Туризмдин өнүгүүсүнө мамлекет менен жеке сектордун иш аракети бирдей болушу кажет. Мамлекет жаратылышы кооз аймактардын жолдорун оңдоп, электр энергиясын жеткирип, тиешелүү шарттардын баардыгын камсыздап туруп “мына эми калганын өзүңөр кылгыла” — десе ал жерди гүлдөтүп жиберчү ишкерлер бизде четтен саналат. Мамлекет Көчмөндөр оюндары сыяктуу эл аралык мааниге ээ, дүйнөлүк алкакта Кыргызстандын беделин арттыра турган ири иш-чараларды өткөрүп, дүйнөнүн булуң-бурчуна жарнамаларды уюштуруп турса туркомпанияларга, жеке
секторго бирдей атаандаштык шарт түзүп берсе эле калганын жеке сектор өзү жасап алат. Албетте, баары мыйзам алдында бирдей, баарына эреже
бир болсо…
— Өлкөбүздөгү туризм буга чейинки жылдарга салыштырмалуу барган сайын жаңы сапаттарга көтөрүлүп, тармактын келечеги кең экенин мектептеги окуучулар баш болуп таанышып, келечек ээлери бул тармакты тандап жатышканы дагы бекеринен болбосо керек. Мындан ары да Кыргызстандын туристтик мейкиндигин заманбап тейде өнүктүрүү үчүн реалдуу жагдайдагы кандай сунуштарды
жолдоор элең?
— Сунуш болгондо кандай, эң биринчи кезекте жергиликтүү элге туризм тууралуу кенен маалымат берип, аларды окутууну, туризм бул катардагы котормочу ГИДден баштап, алыскы жайлоодо минген атын ижарага берип акча таба турган берекелүү сфера экенин калың элге жеткирүү керек. Башта айтып кеткенимдей, коноктордун санынын көптүгүнөн башаламан иш кылбай, мамлекет да кандайдыр бир деңгээлде бул тармакка көз кырын салып, тескеп турса жакшы болмок. Негизинен туризм бизде жаңы өнүгүп келаткан, жаш сфера. Ошондуктан, алдыда далай иштер турат. Бул
үчүн мамлекет менен жеке сектордун биргелешкен аракети чоң болуп турса, Кыргызстан бул жагынан жаңы ийгиликтерди багындыра аларын бөркүмдөй көрөм.
Калыгул Бейшекеев