Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

10-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 47

Бүгүн, 10-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 10:50лөр чамасында Баткен районунун Тескей участогунда болгон.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын чек арачылары адаттагы маршрутун өзгөртүп, кыргызстандык чек арачыларды тилкеден чыгып кетүүнү талап кылышкан. Аларга кошумча күчтөр дагы кошулуп келген. Кыргыз чек арачылары алардын талабын аткаруудан баш тартып, ортодо 10 мүнөттөй ок атышуу болгон. Тилекке жараша, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда ошол замат телефон аркылуу сүйлөшүү болгон. Анын жыйынтыгында чек ара өкүлдөрү келгенге чейин, окуя болгон жерден чек ара кызматкерлерин, башка кошумча күчтөрдү чыгаруу жана каражаттарды киргизүүгө жол бербөө боюнча чечимдер кабыл алынган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы, Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкеси болуп саналарын, бирок аны Кыргызстандын жарандары иш жүзүндө пайдаланып жатканын белгилешет. Учурда Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X