«Кыргыз тили» коомунун 35 жылдыгы белгиленди

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 121

2026-жылдын 23-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Кыргыз тили» коомунун 35 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Эркинович, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана коомдук ишмерлер катышты.Возможно, это изображение текст

Салтанатта министр Мирбек Мамбеталиев кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүү милдет экенин белгиледи. Анын айтымында, эне тил — улуттук иденттүүлүктүн, тарыхый эс тутумдун жана руханий мурастын өзөгү. Ошондой эле ал кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүүдө маданият тармагынын жана жалпы коомчулуктун ролу чоң экенин баса белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек и толпа

Мааракенин негизги максаты — эне тилди даңазалоо, анын коомдогу ордун бекемдөө жана мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу.

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X