«Кыргызфильм» тасмаларын уруксатсыз пайдаланууга тыюу салынат

14-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы өзүнө таандык фильмдерди укук ээси менен тиешелүү келишим түзбөстөн пайдаланууга жана таратууга жол берилбестигин эскертти.

Киностудиянын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда жаратылган аудиовизуалдык чыгармалардын укук ээси аларды өндүргөн мекеме болуп саналат. Ушуга байланыштуу фильмдерди кайра өндүрүү, көрсөтүү, эфирге берүү, интернетте, социалдык тармактарда, стриминг жана башка платформалар аркылуу жайылтуу укугу укук ээсине гана таандык.

«Кыргызфильм» медиарыноктун бардык катышуучуларын автордук укук талаптарын так сактоого чакырып, мыйзам чегинде кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле тасмаларды уруксатсыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келери эскертилди.

Маалымат Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан таратылды.

14-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X