Кыргызстанданы мектептер 12 жылдык билим берүүгө өттү. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Министрлер Кабинетинин билдиришкендей, «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтом каралып, 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүү чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат.
Учурда жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класстар уюштурулуп, алар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу окуу эмеректери жана окуу куралдары менен жабдылган.