Кыргызстан БУУнун Аткаруучу кеңешинде ишин баштады

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Аткаруучу кеңешинин мүчөсү катары өз ишин расмий баштады. Бул тууралуу өлкөнүн БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан ЮНИСЕФ менен түзүлгөн узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жогору баалап, уюмдун балдардын укуктарын коргоо жана алардын жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүгүн колдой турганын белгилеген.

Өлкө жетекчилиги балдардын укугун коргоо, коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүү мамлекеттик саясаттагы негизги багыттардын бири экенин билдирет. Бул максатта билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарында бир катар чаралар ишке ашырылып келүүдө.

Ошондой эле Кыргызстан балдарды коргоо жаатындагы демилгелерди аймактык деңгээлде да алдыга жылдыруу үчүн ЮНИСЕФ жана башка өнөктөш өлкөлөр менен кызматташууну уланта турганы белгиленди.

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X