Кыргызстан экспортко басым жасаган жаңы экономикалык моделге өтөт

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан экспортко багытталган индустриалдык өнүгүү моделине өтөрүн билдирди.

Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде айтты.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, өлкө мындан ары кызмат көрсөтүүлөрдү жана кошумча наркы жогору кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын экспорттоого басым жасайт.

Бул максатта мамлекет соода жана бажы саясатын түп-тамырынан кайра карап чыгып, модернизациялоону пландап жатат.

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X