Кыргызстан ЭКУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов 16-ноябрда Пакистандын Исламабад шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча пикир алышты.

Өз сөзүндө Кайрат Турсункулов Кыргызстандын ЭКУнун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды.

Жыйындын алкагында министрдин орун басары ЭКУнун башкы катчысы Асад Мажид Хан менен да жолугушту. Анда Кыргызстандын уюм менен кызматташтыгы жана соода, транспорт, энергетика тармактарындагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, Кайрат Турсункулов Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (АӨИЧК) башкы катчысы Султан Хаджиев менен жолугушту.

Тараптар 2026-жылдын 15-октябрында Бакуда өткөн АӨИЧКнын жетинчи саммитинин жыйынтыктарын жана Кыргызстандын демилгелерин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кызматташтыкты жана уюмдун институционалдык негиздерин бекемдөө боюнча пикир алышты.

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X