Кыргызстан инвесторлордун укугун коргоону күчөтөт — Акунбеков
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бишкек эл аралык инвестициялык форумуна катышты.
“Борбор Азия 2030. Рыноктун мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Бишкек инвестициялык форумунда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, бүгүнкү форум абдан актуалдуу экенин, бул аянтчада логистика, аймактык соода, ишкердик өнөктөштүк жана каржылоого жеткиликтүүлүк тууралуу сөз болоорун билдирди.
Анда Кыргыз Республикасы экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактап жатканы, 2026-жылдын алгачкы он айында ички дүң продукт 1 трлн 866 млрд 400 млн сомду түзүп, реалдуу өсүш темпи 10,5 пайызга жеткени айтылды. Негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү да өскөн. Маселен, 2021-жылы ал 123 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 374 млрд 600 млн сомго жеткен, 2026-жылдын алгачкы он айында бул көрсөткүч 422 млрд 900 млн сомго жетти.
Ошол себептүү инвестициялардын көбөйүшү, жаңы ишканалардын ачылышы, аймактарда жумуш орундарынын түзүлүшү, экспорттун кеңейиши жана калктын кирешесинин өсүшү мамлекет үчүн маанилүү экенин айткан МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, өнөр жайды, айыл чарбаны жана продуктуларды кайра иштетүүнү, энергетика тармагын, ошондой эле транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалаарын билдирди.
“Ишкердиктин өсүшү мүмкүнчүлүктөрдүн иштөө эрежелеринин канчалык так жана алдын ала айтууга боло тургандыгына да көз каранды. Министрлер Кабинети инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүүнү, инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүүнү жана административдик жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатууну улантууда. Кыргызстан коңшу мамлекеттер, Кытай, Европа өлкөлөрү жана башка эл аралык өнөктөштөр менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар. Борбор Азия өлкөлөрү биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүүгө жана туруктуу камсыздоо чынжырларын курууга дараметке ээ. Кайра иштетүү, логистика жана бөлүштүрүү тармактарындагы кызматташтык биздин ишканаларга кеңири рынокторго чыгууга мүмкүндүк берип, бүтүндөй аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдейт”, — деди МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков.
Белгилей кетсек, “Bishkek Investment Forum – BIF 2026” эл аралык инвестициялык форумуна – дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү, инвесторлор, ишкерлер жана коноктор катышууда. Форумдун алкагында “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан: жаңы темир жол — жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү”, “Чакан бизнестен чоң мүмкүнчүлүктөргө», “Насыя же капитал: бизнестин өсүшүн кантип каржылоо керек”, “Капиталды кайда инвестициялоого болот?” аттуу панелдик сессиялар уюштурулуп, өз ара сүйлөшүүлөр, талкуулар, макулдашуулар болду.