Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдүн ден соолукка таасирин азайтууну көздөйт

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 110

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Борбор Азиядагы ден соолук жана бакубат жашоо маселелери боюнча 2027–2030-жылдарга карата Экинчи жол картасын ишке киргизүү аземине катышты. Иш-чара 27-ноябрда Ташкент шаарында өткөн КМШнын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык боюнча кеңешинин XXXIX жыйынынын алкагында уюштурулду.Возможно, это изображение текст

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Дамир Осмонов аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, калктын саламаттыгын коргоо, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелерине комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын айтты.

Ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө көбүрөөк дуушар болгон тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарынын ден соолугун сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Министр бул багыттагы маселелерди чечүүдө эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин баса белгиледи.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X