Кыргызстан Кытай, Индия жана Россияда туризм элчилерин дайындады
Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө активдүү илгерилетүүнү күчөтөт. Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик негизги туристтик рыноктордо өзүнүн коомдук өкүлдөрүн — туризм элчилерин дайындады.
Агенттиктин чечими менен Чэн Мин Кытайда, Калыбек уулу Бектурган Индияда, ал эми Михаил Слязин Россияда туризм элчиси болуп дайындалды.
Жаңы өкүлдөр Кыргызстандын туристтик потенциалын чет өлкөлөрдө таанытып, эл аралык көргөзмөлөрдө жана тармактык иш-чараларда өлкөнүн туристтик кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөктөшөт.
Ошондой эле туризм элчилери кыргызстандык туроператорлор менен чет өлкөлүк туристтик компаниялардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана жаңы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот.
Агенттиктин маалыматына караганда, Россия, Кытай жана Индия Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ ири туристтик рыноктордун катарына кирет. Бул өлкөлөрдө туристтик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү жайылтуу чет элдик туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.
Кыргызстан чет өлкөлүк саякатчыларды уникалдуу жаратылышы, тарыхый-маданий мурасы жана көчмөндөрдүн маданияты менен кызыктырат. Мындан тышкары, өлкөдө экологиялык, этникалык жана активдүү туризмди өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.
Туризм элчилеринин институтун киргизүү Кыргызстандын туристтик брендин эл аралык рынокто таанытууну күчөтүүгө багытталган.