14-мартта саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталып, очогунда күчү 3,4 баллга жеткен.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.