Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгы жанданат
2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Фондунун Аткаруучу вице-президенти, Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун Катчылыгынын директору Ли Чон Гук менен жолугушту.
Жолугушууда Аида Исмаилова Кыргызстандын «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал Форумдун аткаруучу органы катары Катчылыктын маанилүү ордун белгилеп, Кыргызстанда айыл чарба, шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, инфраструктура, транспорт, экология, гидроэнергетика, санариптештирүү, тоо-кен өндүрүшү жана текстилдик өнөр жай, билим берүү жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдирди.
Өз кезегинде Ли Чон Гук мырза Катчылыктын быйылкы жылдагы пландары тууралуу маалымат берип, жогоруда аталган бардык маселелер боюнча Форумдун алкагында мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата Борбордук Азия-Корея Республикасы форумунун алкагында 2022-жылы боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.