Кыргызстан менен Сан-Марино кызматташтыкты талкуулады

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

2026-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Сан-Марино Республикасынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Риккардо Вентуриниден ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушууда Медер Абакиров элчини жаңы дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Тараптар саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Сан-Маринонун ортосунда ишкердик байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясатынын алкагында Европа мамлекеттери, анын ичинде Сан-Марино менен кызматташууну мындан ары чыңдоого кызыкдар экени белгиленди.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X