Кыргызстан менен Швейцария эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөт

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцария Кыргыз Республикасынын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин башчыларынын өз ара сапарларын уюштурууну жана инвестициялык багытты чыңдоого басым жасоону сунуштады.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү ролун белгиледи. Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж өз кезегинде меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал экономика, энергетика, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга басым жасоо менен эки тараптуу макулдашууларды жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Маалымат үчүн: Ошондой эле «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө аспаптар оркестринин жетекчиси болгон Пьер-Андре Паж Бишкек шаарында бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн музыкалык жамаат менен Бишкекке келген.

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X