Кыргызстан менен Тажикстан медицинадагы алаканы бекемдейт

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 100

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Тажикстандын саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Абдухолик Амир Амирзода менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Өзбекстанда өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык боюнча кеңешинин XXXIX жыйынынын алкагында өттү.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 2026-жылдын 7–9-декабрында Душанбе шаарында өтө турган «Борбор Азияда жана Кавказда саламаттык сактоо системаларын реформалоо боюнча аймактык кызматташтык диалогуна» даярдык көрүү маселесине көңүл бурушту.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X