Кыргызстан менен Түркия шайлоо жаатында кызматташат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы, доктор Сердар Мутта менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тынчтык Шайназаров Сердар Муттаны жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Тынчтык Шайназаров түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосуна эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.
Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы президенттик шайлоого катышууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуу эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу багытындагы маанилүү кадам болду.