Кыргызстан менен Түркия жаштар саясаты жана спорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 97

2026-жылдын 21-октябрында Бишкекте Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркиянын жаштар жана спорт министри Осман Бак менен жолугушту.

Түрк мамлекеттер уюмунун жаштар жана спорт министрлеринин 10-жыйынынын алкагында өткөн жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жаштар программаларын ишке ашыруу жана жаштар борборлорунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Ошондой эле тараптар ыктыярчылык кыймылын колдоо, жаш спортчуларга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жаштардын кесиптик өсүүсүнө көмөктөшүү маселелерине көңүл бурушту. Түркия тарап бул багыттардагы тажрыйбасы менен бөлүштү.Возможно, это изображение помост

Жолугушууда жаштардын жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүү боюнча пикир алмашуу болду.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X