Кыргызстан Монреалдагы дүйнөлүк авиация жыйынында добуш берди
2026-жылдын 15-ноябрынан 20-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы Канаданын Монреаль шаарында өткөн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) негизги эл аралык иш-чараларына катышты. Иш-чаралардын алкагында делегация ИКАО тарабынан уюштурулган 7-Дүйнөлүк авиация конференциясына (ATConf/7) катышты.
Конференция эл аралык аба каттамдарын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына, авиациялык байланыштуулукту чыңдоого жана дүйнөлүк жарандык авиациянын келечегин калыптандырууга арналды. Маанилүү иш-чаралардын бири Кыргыз Республикасынын ИКАО Ассамблеясынын 43-кезексиз сессиясына катышуусу болду. Анын алкагында Уюмдун Кеңешине шайлоо өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү добуш берүүгө катышып, эл аралык авиация коомчулугунун мүчөсү катары мамлекеттин ыйгарым укуктарын ишке ашырышты. Мындай деңгээлдеги иш-чараларга катышуу Кыргыз Республикасына тармактын стратегиялык маселелерин талкуулоого, эл аралык авиациялык күн тартибин калыптандырууга жана дүйнөлүк жарандык авиациянын мындан аркы өнүгүүсүн аныктаган чечимдерди кабыл алуу процесстерине түздөн-түз катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасы эл аралык авиациялык аренадагы өз позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп, эл аралык кызматташтыктын, учуулардын коопсуздугунун жана жарандык авиациянын туруктуу өнүгүүсүнүн принциптерине берилгендигин тастыктоодо.