Кыргызстан Париждеги IFTM TOP RESA–2026 көргөзмөсүнө катышууда
Кыргызстан Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан дүйнөдөгү ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири — IFTM TOP RESA–2026 эл аралык көргөзмөсүнө катышууда.
Көргөзмөнүн расмий ачылышына Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга колдоо көрсөттү.
Ошондой эле Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Франциянын туризм министри Серж Папен менен жолугушуп, эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Иш-чаранын алкагында IFTM TOP RESA–2026 көргөзмөсү жана Кыргызстандын улуттук стенди расмий ачылды.
Кыргызстандын эл аралык көргөзмөгө катышуусу өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөлүк рынокто кеңири таанытууга, ошондой эле жаңы өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.