Кыргызстан сегиз айда 248 миң даана спорттук кийим экспорттоду
Кыргызстанда тигилген спорттук кийимдердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, өлкө сегиз ай ичинде 248 миң даана спорттук кийим саткан. Анын ичинен Казакстанга — 185,2 миң, Россияга — 51,1 миң, Өзбекстанга — 11,3 миң даана жөнөтүлгөн.
Ошондой эле Польшага 176, Улуу Британияга 112, Нидерланддарга 42 жана Эстонияга 12 даана спорттук кийим экспорттолгон.