Кыргызстан Сингапурда туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Кыргызстан Сингапурда өткөн ITB Asia 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Visit Kyrgyz улуттук брендинин алдында тааныштырды.

Көргөзмөгө AksaiTravel, Sunrise Osh, Hedonist Club, Edelweiss Touristic жана Voyager Group компаниялары катышты.

Кыргызстандын делегациясы Түштүк-Чыгыш Азиянын туристтик бизнес өкүлдөрү жана потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрдү. Анда туристтик кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен маршруттарды түзүү жана чет өлкөлүк туристтерди тартуу маселелери талкууланды.

Улуттук стендде өлкөнүн тоолору, көлдөрү, треккинг, альпинизм, атчан саякат жана этномаданий туризм багыттары сунушталды.

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X