Кыргызстан Түркиянын медицинадагы тажрыйбасын үйрөнөт

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 118

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы Түркиянын Анкара шаарында иш сапары менен жүрөт. Сапардын максаты — алгачкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу жана калкты дары-дармек менен камсыздоо боюнча Түркиянын тажрыйбасын үйрөнүү.Возможно, это изображение отдел новостей и текст

Министрликтен билдиришкендей, 23-ноябрда министрдин орун басары Нурбек Букуев баштаган делегация Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары, профессор Нуруллах Окумуш менен жолугушту.Возможно, это изображение учеба и текст

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, саламаттык сактоо тармагындагы тажрыйба алмашуу жана медициналык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу маселелери талкууланды.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X