Элдик Курултайдын коомдогу орду, анын реалдуу таасири жана келечектеги ролу бүгүн коомчулуктун көңүл чордонунда. Бул институт эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди чыңдай алабы же символдук аянтча бойдон калабы? Көчмөн демократиянын заманбап уландысы катары канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп жатат? Ушул жана башка суроолорго коомдук ишмер Бейшенбек Абдыразаков жооп берди.
— Бейшенбек мырза, жылда өтүп жаткан Курултай эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди чыңдай алды деп айта алабызбы?
— Ооба, бүгүн Курултай эл менен бийликтин ортосундагы жандуу көпүрө катары калыптанып келе жатат деп ишенимдүү айта алам. Ал элдин үнү түз жеткен, коомдук маселелер ачык айтылып, талкууланган элдик трибунага айланды. Менин түшүнүгүмдө Курултай – бул элдик бийлик, элдик башкаруу, элдик демократия жана элдик көзөмөлдүн бир формасы. Ошол эле учурда ал Манас атадан калган руханий мурастын, улуттук башкаруу салтынын заманбап уландысы болуп саналат.
— Көчмөн демократиянын уландысы катары Курултай бүгүнкү замандын талабына жооп берип жатабы?
— Курултай көчмөн демократиясынын заманбап уландысы катары жаңыдан гана калыптанып жатат. Бул — табигый процесс. Кыргызда “көч бара-бара түзөлөт” деген накыл сөз бар. Убакыт өткөн сайын, тажрыйба топтолгон сайын Курултай толук кандуу, натыйжалуу институтка айланат деп ишенем.
Кыргыз эли – байыркы көчмөн цивилизацияны түптөгөн улуу эл. Манас империясын, Атилла доорун, Улуу Кыргыз каганатын түзгөн тарыхыбыз бар. Тилекке каршы, эгемендикке ээ болгондон кийинки акыркы 30 жыл ичинде батышты да, чыгышты да көз жумуп туурап, улуттук менталитетке шайкеш келбеген башкаруу моделдерин көчүрүп алдык. Мунун кесепетинен коомдо туруктуу өнүгүү болбой, үч ирет саясий силкинүүлөр орун алды. Коом өзүнө ылайык башкаруу жолун таба албай келди.
Дал ушул шартта Элдик Курултай улуттук башкаруу салтына кайтуунун, эл менен бийликтин ортосунда түз диалог орнотуунун маанилүү аянтчасы катары пайда болду. Анын негизги баалуулугу — элдин пикири угулуп, көйгөйлөр түз айтылып, бийлик элдин алдында жоопкерчилик ала баштады.
— Курултайдын таасирин жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек?
— Биринчиден Элдик Курултай тууралуу конституциялык мыйзамга так жана терең өзгөртүүлөр киргизилиши зарыл. Институттун укуктук макамы так аныкталмайынча, анын коомдогу салмагы да толук сезилбейт.
Экинчиден, Жогорку Кеңеш өзүнүн негизги — мыйзам чыгаруу жана көзөмөл жүргүзүү функциялары менен гана чектелиши керек. Мамлекеттик башкарууда ар бир орган өз ордунда, өз ыйгарым укугунун чегинде иштеши абзел.
Үчүнчүдөн, мыйзамда Курултай өкүлчүлүктүү орган катары көрсөтүлгөн соң, ал чыныгы, толук кандуу өкүлчүлүктүү институт болуп иштеши шарт. Менин оюмча, Жогорку Кеңеш эки палаталуу түзүлүшкө өтүшү керек: мыйзам чыгаруу палатасы жана эл өкүлчүлүк палатасы.
Мыйзам чыгаруу палатасында 90 депутат, ал эми эл өкүлчүлүк палатасында 700 делегат иш алып барса, эки палатанын бириккен формасы Элдик Курултай деп аталышына толук негиз жаралат. Мындай система элдин үнүн түз жеткирген, бийликке реалдуу коомдук көзөмөл орноткон натыйжалуу модель болмок.
Чынайым Кутманалиева

