Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк экология жана климат багытындагы кызматташууну күчөтөт

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын «Планета» багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэнь менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык саясат жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды.

Министр Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын «Абанын сапатын жакшыртуу» (AQIP) долбоорун ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун алкагында абанын сапатына улуттук мониторинг жүргүзүү системасы модернизацияланып, экологиялык көзөмөлдү күчөтүү иштери жүрүп жатканы, ошондой эле шаарларды жашылдандыруу жана экологиялык жактан таза жылуулук технологияларын киргизүү боюнча иштер аткарылып жатканы белгиленди.{{ item.title }}

Мындан тышкары, жолугушууда эл аралык тоо күн тартиби өзүнчө талкууланды. Кыргыз тарап 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү иштери жана тоолуу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн колдоочу эл аралык механизмдерди илгерилетүү демилгелери боюнча маалымат берди.

Ошондой эле геопарктарды өнүктүрүү жана туруктуу экотуризмди жайылтуу маселелери да каралды. Бул багытта геопарктар жаратылыш жана геологиялык мурастарды сактоонун, инвестиция тартуунун, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы экени белгиленди.{{ item.title }}

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар климаттык туруктуулук, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана жашыл экономиканы илгерилетүү багыттарында стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X