Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында ушул күндөрдө Баткенде «Мадыген», Ысык-Көлдө «Тескей» жана Ошто да бир геопарк уюштуруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Эгер геопарктар түзүлүп, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктарынын тизмесине кирип калса, Кыргызстан бул багытта Борбор Азияда бир кадам алга жылат. Эскерте кетсек өлкөдө жалпы 10го чукул жергиликтүү геопарк уюштурууга мүмкүндүк бар.