Кыргызстанда 11 геопарк түзүү пландалууда

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 87

Кыргызстанда геопарктардын санын 11ге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө эки геопарк — Мадыген жана Тескей иш алып барууда. Алар жакынкы жылдары ЮНЕСКОнун статусун алууга чоң мүмкүнчүлүккө ээ.

Кубатов геопарктарды ички туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири катары белгиледи. Анын айтымында, өлкө боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында дагы геопарктарды түзүү үчүн 11 аймак аныкталган.

«Геопарктар — биздин келечегибиз. Алардын стандарттары жаратылышка жана аймактын өзгөчөлүктөрүнө аяр мамиле кылууну талап кылат. Ошол эле учурда каржылык жана чарбалык иштер токтоп калбайт. Биз аймактардын тарыхый-маданий, табигый жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн сактоого жана жайылтууга өзгөчө көңүл бурабыз», — деди Эдуард Кубатов.

Жаңы геопарктарды түзүү демилгеси аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаратылыш жана маданий мурастарды сактоого, ошондой эле жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X