Кыргызстанда балдар онкологиясына мамлекеттик каржылоонун көлөмү үч эсеге көбөйдү
2026-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммитте жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгрессте сөз сүйлөдү.
Министр өз сөзүндө балдардын ден соолугун сактоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктары экенин белгиледи. Ал онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө, ооруларды эрте аныктоого жана заманбап дарылоо ыкмаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.
Дамир Осмонов белгилегендей, акыркы беш жылда Кыргызстанда балдар онкологиясына мамлекеттик каржылоонун көлөмү үч эсеге көбөйдү. Балдардын рак ооруларынын улуттук реестри түзүлүп, бейтаптарды каттоо жана көзөмөлдөө системасы өркүндөтүлүүдө. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында адистештирилген медициналык жардам өнүктүрүлүүдө.