Кыргызстанда балдардын ден соолугун коргоо үчүн 23 клиникалык протокол киргизилди

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 84

Кыргызстанда балдардын саламаттыгын сактоо кызматтарын жакшыртуу жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин неонатология боюнча 23 клиникалык протокол жана сунуштама киргизилип, 1 500дөн ашык медицина кызматкери балдар ооруларын интеграцияланган түрдө жүргүзүү боюнча окутуудан өттү.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен медицина кызматкерлерине арналган улуттук чөнтөк маалымдама китепчеси ишке киргизилди. Бул колдонмо медициналык кызматкерлерге балдарга жардам көрсөтүүдө керектүү маалыматтарды ыкчам пайдаланууга көмөктөшөт.

Аталган чаралар балдар ооруларын эрте аныктоого, өз убагында дарылоого жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.Возможно, это изображение больница и текст

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 22-октябрда Самарканд шаарында өткөн «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммиттин тематикалык пленардык жыйынында билдирди.

Министр өз сөзүндө Кыргызстан үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, ооруларды эрте аныктоо, телемедицинаны жайылтуу жана адистештирилген дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу балдардын ден соолугун коргоодогу артыкчылыктуу багыттар экенин белгиледи.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X