Кыргызстанда балык өстүрүү эки эсеге өстү

12-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 38

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда балык өстүрүү эки эсеге өскөндүгүн билдирди.

Министрлик өндүрүштүн өсүшү менен бирге экспорттук потенциал да өскөндүгүн, 2020-жылы экспорт 3 миң тоннадан бир аз ашык болсо, 2021-жылы 5 миң тоннадан ашык балык экспорттолгонун маалымдады.

Эске салсак, Кыргызстандын бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 194 балык чарбасы катталган. Анын ичинен 30 чарба Россия, Казакстан жана үчүнчү мамлекеттерге балык жана балык азыктарын экспорттойт.

Былтыр, 2021-жылы Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой жана Токтогул суу сактагычтарында балыктарды жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Жалпысынан балыктын ысык-көл форели, ак балык, карп-сазан сыяктуу түрлөрүнүн 17 млн 600 миң чабагы койо берилген.

12-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X