"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда биринчи жолу “Эдельвейс” альпинисттерди куткаруу тобу түзүлөт

Кыргызстандагы альпинисттерди куткаруу үчүн “Эдельвейс” куткаруу тобу түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.

“Кыргызстанга дүйнө жүзүнөн көптөгөн альпинисттер келишет. Буга чейин тоо тармагындагы куткаруучулар жок болгондуктан, былтыр генерал-майор жана ирандык альпинисттер каза болгон. Азыркы учурда өзүбүздүн альпинисттерден турган “Эдельвейс” аттуу куткаруу тобун түзүп жатабыз. Бул чет жерден келген туристтер жана альпинистердин  үчүн жеңилдик болот”, — дейт министр.

Мындан сырткары, министр былтыр Түркияга барганда кыргызстандык куткаруучулардын «Инсараг» куткаруу тобуна кирүү боюнча келишим түзүлгөнүн маалымдады.

“Аталган топ эл аралык макамга ээ жана ага күчтүү мамлекеттердин куткаруучулары кирет. “Инсарагга” биз дагы киргенге аракет кылып жатабыз. Ал дүйнө жүзүндөгү кырсыктарга катышып жаткан күчтүү команда. Чет тилди жакшы билген, физикалык даярдыгы жогору, техникалык жабдуусу мыкты болгон кызматкерлерден турат. Бул жагынан Түркия бизге жардам берерин айткан”, — деди Ажикеев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!