Кыргызстан жарандык паспортту өзү басып чыгара баштайт

Кыргызстанда биринчи жолу жарандар үчүн улуттук паспорт басып чыгарыла баштады. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл башында Президент Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген.

«Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык. “Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан.», — деди ал.

Султанбаев паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кеткендигин, бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эместигин жазган.

«Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык. Жыл сайын биз чет өлкөдөн орточо бир жарым миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма кылчубуз.

Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес.

Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт», — деген.

Президенттин басма сөз катчысы мындан ары Кыргызстандын жарандарынын бардык улуттук документтери өзүбүздүн өлкөдө басылып чыгарыларын, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X