Кыргызстанда канча биологиялык активдүү кошулма катталган?
Акыркы жылдары Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу товар сатуу, ар кандай онлайн-курстарды өткөрүү, коучтук жана ментордук кызматтарды сунуштоо кыйла көбөйдү. Бир караганда, бул жакшы көрүнүш. Ар бир адам өз билимин бөлүшүп, тажрыйбасын үйрөтүп, ишкерлик менен алектене алат. Бирок маселенин экинчи жагы да бар. Өзүн адис деп тааныштырган ар бир адамдын чын эле тиешелүү билими жана тажрыйбасы барбы? Элге сунушталып жаткан кошумчалар коопсузбу? Жарнамадагы убадалар канчалык чындыкка дал келет? — деген суроо эчкимди кызыктырбагандай. Коучтар, биологиялык активдүү кошулмаларды саткан жарандар көпчүлүк сүрөөн менен ураалап эле жүргөндөй, келечектен бир сыйкырды үмүт эткендей эле жашап калгандар кандай жарнама чыкса ошол жакка ооп кетмей адат таап алышкандай.
Андыктан ушул суроолордун айланасында Кыргызстанда бир катар мыйзамдык демилгелер көтөрүлүп жатат. Алардын бири — биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) жарнамалоого чектөө киргизүү болсо, экинчиси — коучтар, менторлор жана башка акы төлөнүүчү консультациялык кызматтарды сунуштагандарга талаптарды күчөтүү. Бул демилгелердин орток максаты керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жалган маалыматтын жайылышын азайтуу жана элдин ишениминен пайдаланып акча табууга бөгөт коюу болуп турат.
БАК – дары эмес
Бүгүнкү күндө социалдык тармактарды ачсаң, ден соолукка пайдалуу деген ар кандай кошумчалардын жарнамасын көрүүгө болот. Бирөө иммунитетти көтөрөрүн айтса, экинчиси муун ооруларын, үчүнчүсү ашказан же башка ооруларды айыктырарын убада кылат. Айрым жарнамаларда ак халат кийген адамдар чыгып, медициналык шаймандар көрсөтүлөт. Кээ биринде каражатты колдонуп айыккан адамдардын окуялары айтылат. Мындай көрүнүштөр керектөөчүдө продукция дарыгерлер тарабынан текшерилген жана сунушталган деген ишеним жаратышы мүмкүн. Бирок БАК менен дары-дармек бир эле нерсе эмес. Биологиялык активдүү кошулмалар тамак-ашка кошумча катары колдонулат. Алар ооруну дарылоочу дары каражатынын ордун баспайт. Ушул маселени эске алып, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев менен Адилет Белеков БАКтарды жарнамалоого талаптарды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Долбоордо мамлекеттик каттоодон өтпөгөн кошумчаларды жарнамалоого тыюу салуу, аларды ооруларды айыктыруучу дары катары көрсөтпөө, жарнамада медицина кызматкерлеринин образын жана диний символдорду колдонбоо сунушталууда. Мунун мааниси жөнөкөй. Сатуучу өзүнүн товарын сунуштай алат, бирок аны далилсиз түрдө ооруну айыктыруучу каражат катары көрсөтпөшү керек. Акыркы убакта Кыргызстанда рыноктогу БАКтардын саны бир топ өскөн. Анын ичинде айрым продукциялар республикада да, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрүндө да мамлекеттик каттоодон өткөн эмес экендиги айтылды. БАКтарды каттоо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти аркылуу жүргүзүлөт. Алар өлкөдө 2017-жылдан бери каттала баштаган. Акыркы 3 жыл аралыгында башкача айтканда 2024-жылы 49. 2025-жылы 19, 2026-жылы 8 БАК каттоодон өткөн. Расмий маалыматта өлкөдө катталган БАКтардын саны 326.
Коучка сертификат жетиштүүбү?
Дагы бир көңүл бурууга арзый турган багыт коучтардын, менторлордун жана онлайн-окутуучулардын ишмердүүлүгү. Азыр интернетте өзүн бизнес-коуч, жеке өнүгүү боюнча адис, финансылык кеңешчи же ийгиликке жеткирүүчү ментор катары тааныштырган адамдар көп. Алар бир нече күндүк же бир нече айлык курстарды сатып, кардарларга чоң киреше табууну, бизнес ачууну, жашоосун өзгөртүүнү үйрөтүүнү убада кылышат.
Албетте, арасында өз билими жана тажрыйбасы менен чын эле жардам берген адистер да бар. Бирок кыска мөөнөттүү курстан өткөндүгү тууралуу сертификатты алып, өзүн чоң тажрыйбалуу эксперт катары тааныштыргандар да кездешет. Мындай учурда кардар акчасын төлөгөнгө чейин кызмат көрсөтүп жаткан адамдын билимин жана квалификациясын текшере алабы деген суроо жаралат. Бул маселеге байланыштуу депутат Улан Примов 2026-жылдын 19-ноябрында коучтар менен менторлордун кардарларга өздөрүнүн билими жана кесиптик тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүсүн милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштады. Анда кызмат көрсөтүүчү адам кардар менен келишим түзүп, акча алардан мурда төмөнкү маалыматтарды бериши керектиги каралган. Мисалы коучтун жогорку билими жана билим алган багыты, кошумча кесиптик билими жана квалификациясын жогорулатканы, окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттары, тиешелүү тармактагы иш тажрыйбасы, мыйзам талап кылган учурда лицензиясынын бар экендиги. Ошондой эле кыска мөөнөттүү курстардан өткөндүгү тууралуу сертификатты жогорку билимдин же кесиптик квалификациянын далили катары көрсөтүүгө чектөө киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары, адистердин билими жана тажрыйбасы тууралуу жалган маалымат таратууга тыюу салуу каралган. Бул сунуштун негизги максаты адам акчасын төлөй электе кимден билим алып жатканын билиши керек деген талапты киргизүү. Жакында эле журналист Эламан Карымшаков бул маселеге байланыштуу ырчы Анжелика менен болгон пикир келишпестикке чейин барып, социалдык тармактарда чындыгында тармак бир калыпка түшүшү керектиги талап кылынган.
Онлайн-курстарга коюлган талап
Мындан мурда, 2026-жылдын июнь айында Кыргызстанда онлайн-билим берүү рыногун жөнгө салуу боюнча дагы бир мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда онлайн-курстарды, менторлукту, коучингди жана башка акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын сунуштагандар үчүн бирдиктүү эрежелерди киргизүү каралган. Документте акы төлөнүүчү онлайн-билим берүү кызматтарын сунуштаган адамдардын жана уюмдардын мамлекеттик реестрин түзүү сунушталган. Ошондой эле билим берүү менен жөн гана кеңеш берүү кызматтарын бири-биринен айырмалоо каралган. Азыр өлкө боюнча коучтар, менторлук кылуучулар жалпы канча курс өтүп жатканы, аларга канча адам катышып жатканы анык эмес. Социалдык тармактар аркылуу миңдеген адамдарга курс саткан баракчалар бар болгону менен, алардын канчасы жеке ишкер катары катталганын, канча киреше табарын жана бюджетке канча салык түшүрөрүн аныктоо кыйын. Ошондуктан бул тармакты жөнгө салуу маселеси бир гана кардарлардын укугун коргоо эмес, көмүскө экономиканы азайтуу жана салыктык тартипти камсыз кылуу жагынан да маанилүү.
Эгер сунушталган мыйзам долбоорлору кабыл алынып, иш жүзүндө аткарылса, биринчи кезекте кызмат сатып алган адамдар үчүн маалымат ачык болушу мүмкүн. Мисалы, жаран онлайн-курс сатып алардан мурда окутуучунун билимин, тажрыйбасын жана тиешелүү документтерин көрө алат. БАК сатып алууда анын мамлекеттик каттоодон өткөн-өтпөгөнүнө жана жарнамада айтылган маалыматтарга көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, мыйзамдын болушу эле бардык товарлардын сапатына же бардык адистердин кесипкөйлүгүнө автоматтык түрдө кепилдик бербейт. Анын аткарылышын ким көзөмөлдөйт, мыйзам бузган адамдарга кандай чара көрүлөт жана жарандар кайда кайрыла алат деген суроолор да чечилиши керек.
Ошондой эле жаңы талаптар мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерлерге жана өз билимин ак ниеттүү үйрөтүп келген адистерге ашыкча тоскоолдук жаратпаганы маанилүү. Кыскасы, тармак чыныгы мыйзам талаасына кириши зарылчылык болуп турат.
Жазгүл Кенжетаева