Кыргызстанда көмүрдүн баасы 90 күнгө көзөмөлгө алынат

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Кыргызстанда жылытуу мезгилинде көмүрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө максатында анын баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү «Биринчи радиого» билдиришти.

Жөнгө салууга ылайык, көмүрдүн эң жогорку баасы белгиленип, сатуучулар аны бекитилген чектен кымбат сата алышпайт. Баанын так өлчөмү азырынча жарыялана элек.

Ведомствонун маалыматына караганда, көмүр базарындагы кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Мындай чара өткөн жылы да колдонулган. Анда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып көмүрдүн баасына 90 күндүк мамлекеттик жөнгө салуу киргизилип, аймактарда, Бишкек жана Ош шаарларында өзүнчө баа чектери белгиленген.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын октябрь айынын башында Токмок шаарында Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен жеткирилген көмүрдүн тоннасы 6 миң 200–6 миң 500 сомдон сатылган. Ошол учурда өлкөдө көмүрдүн жетиштүү запасы бар экени жана ашыкча суроо-талап байкалбаганы кабарланган.

Мамлекеттик жөнгө салуу көмүргө суроо-талап күчөгөн мезгилде баалардын негизсиз өсүшүн алдын алууга жана калкты жеткиликтүү отун менен камсыз кылууга багытталган.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X