Кыргызстанда кореялык ишкерлерди колдоо үчүн Korean Desk терезеси ачылды

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 145

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кореялык ишкерлерди колдоо боюнча адистештирилген Korean Desk терезеси ачылды.

Анын ачылышы кореялык ишкерлерди колдоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйынынын алкагында өттү. Иш-чарага агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванг Дже жана кореялык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жыйында Равшанбек Сабиров Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык өнүгүүсү, стратегиялык долбоорлору жана инвесторлорго көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берди.

Тараптар өнөр жай, энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, агроөнөр жай комплекси, медицина жана туризм тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

«Биз кореялык инвестицияларды тартууга гана эмес, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого да кызыкдарбыз. Биргелешкен долбоорлор Бишкек шаарынын гана эмес, Кыргызстандын аймактарынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү маанилүү», — деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле ал Сеулда өткөн «Корея — Борбордук Азия» биринчи саммити жана бизнес-саммит эки тараптуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи.

Анын айтымында, Кореяга болгон жумушчу сапардын алкагында Улуттук агенттик алдыңкы компаниялар жана каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтык боюнча меморандумдарга кол койгон.

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 145
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X