Кыргызстанда креативдүү индустриялардын тажрыйбасы эл аралык деңгээлде жогору бааланды
Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференцияда Кыргызстандын креативдүү индустрияларды өнүктүрүү тажрыйбасы эл аралык эксперттер тарабынан жогору бааланды.
Эксперттер Кыргызстандын тажрыйбасын башка өлкөлөр үйрөнүп, колдонууга татыктуу үлгү катары белгилешти. Айрыкча Креативдүү индустриялар паркынын модели өзгөчө кызыгууну жаратты. 
Аталган модель салыктык жеңилдиктерге, виртуалдык резиденттикке жана белгилүү бир аймакка байланбастан иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө негизделген. 
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан креативдүү индустриялардын бардык багыттары үчүн атайын жеңилдетилген салык режимин киргизген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп саналат.