Улуттук банктын маалыматына караганда, ELQR системасы иштей баштагандан бери өлкөдө онлайн төлөмдөр көбөйдү. QR аркылуу жүргүзүлгөн операциялар 55 эсеге, жалпы төлөмдөрдүн суммасы 85 эсеге чейин өскөн.
Быйылкы алты айдын ичинде эле 275 млрд сомго жакын төлөм QR код менен аткарылган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 20 эсе көп.
Ошол эле маалда накталай акча аз колдонулуп, банкоматтан акча алуу үчтөн бирге кыскарды. Онлайн төлөмдөр коммуналдык кызматтардан баштап мамлекеттик төлөмдөргө чейин кеңири жайылды. Айрыкча мамлекеттик төлөмдөр 371 эсеге көбөйгөнү белгиленди.

