Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң сомдон ашты
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–август айларында орточо номиналдык айлык акы 55 миң 79 сомду түздү. Бул чакан ишканаларды эсепке албагандагы көрсөткүч. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо айлык акы 28,7%га өскөн. Ал эми керектөө бааларынын өсүшү эске алынган реалдуу эмгек акы 16,1%га жогорулаган.
Айлык акынын эң көп өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында катталып, көрсөткүч болжол менен 1,5 эсеге көбөйгөн.
Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында айлык акы 49,1%га, билим берүүдө 44,5%га, курулушта 37,6%га өскөн.
Ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 35,7%га, айыл чарбасында 30,8%га, каржы жана камсыздандыруу тармагында 24,5%га жогорулаган.
Ал эми транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында орточо айлык акынын өсүшү 23,5%ды түзгөн.