Кыргызстанда өсүмдүк майынын кымбаттоо себептери айтылды
Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери майлардын жана тоң майлардын баасы 6,5%га өстү. Экономика жана коммерция министрлиги өсүмдүк майынын кымбатташынын себептерин түшүндүрдү.
Негизги себептердин бири — Кыргызстандын Россиядан күн карама майын жеткирүүгө көз карандылыгы жана Орусияда экспорттук алымдын жогорулашы.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июль айында Россияда күн карама майын экспорттоого алынуучу алым 2,5 эсеге көбөйүп, тоннасына 3 миң 294 рублди түзгөн. Август айында ал дагы 2,4 эсеге жогорулап, тоннасына 7 миң 748 рублге жеткен. Бул көрсөткүч сентябрь жана октябрь айларында да өзгөргөн эмес.
Ведомствонун маалыматына караганда, экспорттук алымдын көбөйүшү Кыргызстанга импорттолгон майдын келишимдик баасынын жогорулашына алып келип, ички рыноктогу баалардын өсүшүнө таасир эткен.
Экинчи себеп — дүйнөлүк рынокто өсүмдүк майларынын кымбатташы. Сентябрь айында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өсүмдүк майларынын баа индекси 198,6 пунктка жеткен. Бул бир айда 0,9%га, ал эми өткөн жылдын сентябрына салыштырмалуу 18,3%га көп.
Дүйнөлүк рынокто өсүмдүк майларынын баасы төртүнчү ай катары менен жогорулаган. Атап айтканда, Түштүк-Чыгыш Азияда суроо-талаптын өсүшү жана түшүмдүн азайышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам пальма майы кымбаттаган.
Ошентип, Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасына дүйнөлүк рыноктогу баалардын өсүшү жана Россиядан жеткирүүнүн кымбатташы сыяктуу тышкы факторлор таасир этүүдө.