Кыргызстанда суунун үстүнө күн электр станциясы курулат

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Энергетика министрлиги «Чакан ГЭС» ААКтын карамагындагы ГЭС-5тин аймагында кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн электр станциясын курууну пландоодо.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында ишке ашырылууда.

Учурда долбоорду даярдоо иштерин жүргүзө турган консультантты тандоо жараяны жүрүп жатат. Азия өнүктүрүү банкынын CSRN порталында жарыяланган тендерге ар кайсы өлкөлөрдөн 22 компания катышууга арыз берген. Алдын ала тандоонун жыйынтыгында алардын алтоосу өз сунуштарын берүүгө чакырылган.

Белгилей кетсек, ГЭС-5тин аймагында калкып туруучу күн электр станциясын пайдалануу боюнча тажрыйба бар. Кубаттуулугу 0,1 МВт болгон пилоттук станция 2024-жылдын 1-мартында ишке берилген.

Ал 2024-жылы 133,9 миң кВт·саат, 2025-жылы 141,1 миң кВт·саат, ал эми 2026-жылдын алгачкы 10 айында 132,5 миң кВт·саат электр энергиясын өндүргөн.

Маалыматта белгиленгендей, күн панелдерин суунун үстүнө орнотуу жер ресурстарын үнөмдөөгө, суунун бууланышын азайтууга жана гидроэлектр станцияларынын инфраструктурасын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Долбоор ишке ашса, өлкөдө күн энергиясын өндүрүү кубаттуулугу көбөйүп, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу кеңейет.

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X