Кыргызстанда тик учактар үчүн заманбап борбор түзүлүүдө

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү «Бишкек» эркин экономикалык аймагында ишке ашырылып жаткан авиациялык инвестициялык долбоордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында агенттик “Бишкек” ЭЭАнын башкы дирекциясына жана Ак-Чий айылында жайгашкан “Heli Sky” компаниясынын өндүрүш объектилерине барды. Анда Ми-8 жана Ми-171 үлгүсүндөгү тик учактарды техникалык тейлөөгө багытталган борбордун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле тик учактарга арналган запастык бөлүктөрдү сактоочу аймактык кампалардын иши тааныштырылып, долбоор учурда иш жүзүндө кандай этапта экендиги тууралуу маалымат берилди.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бул долбоор Кыргызстанда авиация тармагын өнүктүрүүгө реалдуу шарт бар экенин көрсөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, мындай демилгелер жаңы жумуш орундарын түзүүгө, адистерди даярдоого жана өлкөнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Маалым болгондой, 2026-жылга карата борбордо Ми-171 тик учагы үчүн авиациялык тренажер жана интерактивдүү окуу классын ачуу пландалууда. Бул учкучтарды өлкөнүн өзүндө даярдоого жана чет өлкөгө көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X