2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын баасы 4 эсе кымбаттады. Бул тууралуу «АКЧАБАР» кабарлады.
Экспорттолгон зер буюмдардын салмагы өзгөрүүсүз (0,1 тонна) бойдон калганы менен, алардын баасы 4 эсе кымбаттап, 12,9 миллион сомдон 52 миллион сомго жеткен.
Кыргызстан зер буюмдарын негизинен Италияга, Россияга жана башка өлкөлөргө жөнөткөн.
Ошол эле учурда өлкөгө кирген зер буюмдардын импорту дагы кыйла көбөйгөн. Жалпысынан 15,6 тонна зер буюмдары 506 миллион сомго алынып келинген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсе жогору болуп саналат.