Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35

Кеңеш экономиканын жана социалдык чөйрөнүн негизги тармактарында жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуу менен алектенет. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Улуттук кеңештин милдеттерине жасалма интеллект тармагында долбоорлорду иштеп чыгуу, өлкөнүн илимий жана билим берүү потенциалын жогорулатуу, бул тармакта Кыргызстандын эл аралык позициясын бекемдөө кирет. Кеңешке мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун жана бизнестин өкүлдөрү кирди.

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X