Кыргызстанда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган авто жүрүштөр жана түшүндүрүү жыйындары башталды
Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында авто жүрүштөр жана түшүндүрүү жыйындары башталды. Иш-чара өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.
Иш-чаранын алкагында «Ылдамдык-сенин өмүрүң!» урааны алдында үгүт-насаат авто жүрүшү уюштурулуп, ага тез жардам кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана өрт өчүрүү кызматтарынын атайын унаалары катышууда.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү жол кырсыктарынын негизги себептери жана кесепеттери тууралуу маалымат берип, жарандарды, анын ичинде мектеп окуучуларын жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана жолдо этият болууга чакырышууда.
Ошондой эле жол коопсуздугу боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, суроо-жооптор уюштурулуп, маалыматтык буклеттер таратылууда. Ал эми жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрүнүн (ЮИДД) командасы өз өнөрлөрүн тартуулап, жол коопсуздугун сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтүшүүдө.
Ички иштер министрлиги жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана өздөрүнүн, ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.