«Кыргызстанда “Зомбулукка каршы 16 күн” кампаниясы башталды

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

Быйылкы өнөктүктүн алкагында зордук-зомбулуктан жабыркагандардын укуктарын коргоо, адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана мыйзам алдында жоопкерчиликти күчөтүү багытында бир катар аракеттер көрүлөт.

Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 10 айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 30, балдарга алимент өндүрүү маселеси боюнча 108, балдардын башка укуктарына байланыштуу 47 жана аялдардын укуктарын коргоо жаатында 13 кайрылуу келип түшкөн.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдардын, балдардын жана майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруп келет.

Ал зордук-зомбулукка барган адамдар мыйзам алдында жооп берип, жазасыз калбашы керектигин белгилеп келет.

Институт жабыркагандардын укуктарын коргоо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана зомбулуктун алдын алуу багытындагы иштерди улантат.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X